Эскертүү:
GEFF Кыргызстан насыялары 15%га чейинки гранттар жана ЕБРРнин Акционерлердин атайын фондунун техникалык жардамы менен колдоого алынат.
Долбоо аяктагандан кийин, банкка кайрылыңыз (кредиттик келишимге кол коюлгандан кийин 4 айдан кеч эмес), аткарылган курулуш иштеринин кабыл алуу актын жана жабдуулар/монтаж үчүн төлөнгөндүгүн тастыктаган документти (жабдууну жеткирүүчүнүн квитанциясы, аткарылган иштердин акты ж.б.) тапшырып, грантты алуу өтүнүчүн бериңиз.
Грант долбоордук документтер ийгиликтүү текшерилгенден же GEFF Кыргызстан өкүлдөрү тарабынан объектке баруу аркылуу текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин 1,5–2 айдын ичинде которулат. Объектке баруу менен текшерүү долбоорлордун ичинен туш келди тандалган 10% үчүн жүргүзүлөт.




