enruky

Шарттар жана жоболор

  1. Бул сайт штаб-квартирасы Лондон EC2A 2JN, Улуу Британияда жайгашкан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан башкарылат. 
  2. Өтүнүч. Ушул шарттар менен таанышыӊыз («Шарттар жана жоболор»), себеби алар сиз пайдаланган веб-сайтка карата колдонулат. [http://www.geff.ebrd.com] вебсайт («Сайт»). Эгерде сиз ушул Шарттарга макул болбосоӊуз Сайттан чыгып кетишиӊиз керек. 
  3. Сайтты пайдалануу менен сиз ушул Шарттарды сактоону кабыл аласыз жана макул болосуз. ЕРӨБ мезгили-мезгили менен ушул Шарттарды өзгөртүшү мүмкүн. Ушундай өзгөртүүлөрдөн кийин Сайтты колдонуу менен сиз бардык өзгөртүүлөрдү кабыл алган жана макулдук берген болосуз. Сиз биздин Сайтты пайдалангыӊыз келген ар бир учурда ошол кезде колдонулуучу шарттарды түшүнүү үчүн ушул Шарттарды текшерип алыӊыз.   

 

4. Мазмуну

4.1. ЕРӨБ Сайтты колдонуучулар үчүн сервис катары колдойт. Сайтта камтылган маалымат колдонуучуларга маалымат иретинде сунушталат. Төмөндөгү 7.1-пунктка ылайык сиз Сайтты ача аласыз, ЕРӨБ киргизген маалыматтарды, документтерди жана материалдарды же ар түрдүү камсыздоочулар сунуштаган маалыматтарды же контентти (биргеликте «Материалдар» деп аталат) жекече колдонууга, коммерциялык эмес пайдаланууга, кайра сатууга, жайылтууга уруксат берилбеген негизде же алардан ушул Шарттарга ылайык туунду чыгармаларды түзүүгө укук берилбеген шартта Сайттан жүктөп жана көчүрүп ала аласыз. 

4.2. Эгерде түздөн-түз башкача көрсөтүлбөсө, анда Сайттын Материалдарында баяндалган корутундулар, чечмелөөлөр жана жыйынтыктар ар кандай авторлордун эмгеги болушу мүмкүн жана сөзсүз эле ЕРӨБгө таандык болуп саналбайт. 

4.3. Сайтта берилген материалдардын мазмуну сиздин браузердин иш-милдетине жана чектөөлөрүнө жараша айырмаланышы мүмкүн. Эгерде сиз Сайттын кандайдыр бир бөлүгүн жана компонентин көрө албасаӊыз, анда ЕРӨБ ал үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпайт.  

4.4. ЕРӨБ Сайттагы бардык материалдарды, анын ичинде функцияларды же башка маалыматты кайра караштыруу жана / же өчүрүү жолу менен өзгөртүү жана өчүрүү укугун өзүндө калтырат. Ошондой эле, ЕРӨБ кайсыл колдонуучу болбосун Сайтка же анын бардык бөлүктөрүнө жеткиликтүү болушунан баш тарта алат. Ушуга байланыштуу ЕРӨБ бардык колдонуучулардын муктаждыгын эске алууга милдеттүү болбойт. 

4.5. Сайтта башка веб-сайттарга гипер шилтеме (гиперссылки) же жөнөкөй шилтемелер камтылышы мүмкүн, мындай шилтемелер сиздин ыӊгайлуулук үчүн гана көрсөтүлөт. ЕРӨБ ушундай башка веб-сайттарды көзөмөлдөбөйт жана ошол веб-сайттарда камтылган кандайдыр бир контент, материалдарга же маалыматка карата эч кандай жоопкерчилик албайт.     

4.6. Эгерде сиз биздин репутацияга эч кандай зыян келтирбесеӊиз жана биз тараптан кандайдыр ассоциация, макулдук же жактыруунун эч кандай формасын сунуш кылбасаӊыз, бул ишти таза жана мыйзамдуу жол менен аткарсаӊыз, анда Сайтка шилтемелерди ЕРӨБдүн уруксаты жок жайгаштыра аласыз. Мындай шилтемелер ЕРӨБдү Сайтта чагылдырылган маалымат булагы катары айкын көрсөтүлүшү керек жана Сайттын бүтүндүгүн өзгөртүүсүз сактоого тийиш. ЕРӨБ Сайтка шилтемелерди жайгаштыруудан баш тартуу укугун өзүнө калтырат жана каалаган убакта Сайтка шилтемелерди коюуну токтотууну талап кылышы мүмкүн.

4.7. Сайт ар кандай камсыздоочулардын кеӊештерин, пикирлерин жана билдирүүлөрүн, маалыматтарын же контенттерин камтышы мүмкүн. ЕРӨБ ар түрдүү маалымат же контентти камсыздоочулар, же Сайттын башка колдонуучулары, же башка жеке же юридикалык жактар сунуштаган ар кандай кеӊештердин, пикирлердин, билдирүүлөрдүн тактыгына жана ишенимдүүлүгүнө кепилдик бербейт жана тастыктабайт. Мындай ар түрдүү пикирлерге, кеӊештерге, билдирүүлөргө же башка маалыматка ишенүүдө зор тобокелчилик бардыгын эске алыӊыз. Биздин сайттагы маалыматтын негизинде кандайдыр бир аракетке өтүүдөн жа андан баш тартуудан мурда сиз кесипкөй жана адистешкен консультация алышыӊыз керек. 

4.8. Сайттагы же ар кандай материалдарда камтылган ар кандай маалыматтар кандайдыр бир инвестициялык сунуштама же кеп-кеӊеш, же ЕРӨБдүн сунушу же чакыруусу же анын атынан кандайдыр бир баалуу кагаздарды сатып алуу же сатуу сунушу катарында түз же кыйыр түрдө түшүнүлүүгө тийиш эмес. 

5. Биздин жоопкерчилик

5.1. Сайт «кандай болсо ошондой» шартта, эч кандай кепилдиксиз, шарттарсыз же ачык жана кыйыр түрдөгү милдеттенмелерсиз колдонууга сунушталат. ЕРӨБ Сайты колдонууга сунуштоодо эч кандай ынандыруу, кепилдик, милдеттенме бербейт, анын ичинде Сайт аркылуу берилген Материалдардын жеткиликтүүлүгүнө, толуктугуна, тактыгына жооп бербейт. 

5.2. ЕРӨБ колдонуудагы мыйзамдар жол берген максималдуу деӊгээлде ар кандай так эместиктен, аткарбай коюудан, каталардан, калпыстыктан, токтотуп коюудан, өчүрүүдөн, кемчиликтен, жумуштагы кечигүүдөн же өткөрүп берүүдөн, компьютердик вирустан, байланыш линиясынын бузулушунан, уурулуктан же жок кылуудан, же уруксатсыз кирүүдөн, өзгөртүүдөн же Сайттагы Материалдардын кайсынысын болбосун пайдалануудан келип чыккан бардык жоопкерчиликтен баш тартат жана бардык жоопкерчиликкти жокко чыгарат (келишим, декликт боюнча келип чыккан (шалаакылыкты кошкондо), о.э. мыйзам менен белгиленген милдеттенмелерди бузуудан же башка негиздерден улам келип чыккан жоопкерчилик). ЕРӨБ сиздин Сайтты пайдаланууӊуздун жыйынтыгында келип чыккан ар кандай чыгаша жана зыян тартуу үчүн сиздин алдыӊызда жооп бербейт (түз жана кыйыр чыгашалар). 

6. Чектөө жана токтотуу

6.1. Логин жана пароль талап кылынган учурларда сиз ЕРӨБ өз каалоосуна ылайык сиздин логинди жана паролду деактивация кыла турганын, ошону менен сиздин Сайтка киришиӊизге бөгөт кое аларын билесиз жана макул болосуз.

6.2. Кайда колдонууга мүмкүн болсо дагы, сиз кирүү үчүн өзүӊүздүн атыӊыздын жана сиздин катталган каттоо эсебиӊиздин паролунун купуялыгын сактоого макул болосуз жана үчүнчү жактарга сиздин каттоо эсебиӊизди пайдалануу менен Сайтка киришине уруксат бербейсиз. 

7. Сиздин милдеттенмелер

7.1. Сайтты пайдаланууда сиз төмөнкүлөрдү кыла албайсыз: 

(а) Ар кандай мыйзамсыз, алдамчылык, жалаа жабуучу, уятсыз, порнографиялык, адепсиз, коркутуп-үркүтүүчү, кыянатчылык кылган, жийиркенткен, куугунтуктоочу, кемсинткен же каршылык көрсөтүүчү ар кандай ылайыксыз маалыматтарды жиберүүгө, анын ичинде, кылмыш ишин түзгөн жүрүм-турум камтылган, жарандык жоопкерчиликке алып келген, колдонуудагы бардык мыйзамдарды же ченемдик актыларды бузган же ЕРӨБнын ак ниеттүүлүгүнө жана репутациясына зыян келтирген ар кандай материалдарды жөнөтүүгө; 

(б) бардык түрдөгү рекламаны, өтүнүчтү, тизмек катты, пирамида схемасын, инвестициялык мүмкүнчүлүктү же кандайдыр бир коммерциялык схеманы же башка ылайыксыз коммерциялык байланыштарды жайгаштырууга же жөнөтүүгө; 

(c) ар кандай «вирус», «троянский конь», «червь», «бомба данных», «логическая бомба» же башка ушул сыяктуу компоненттерди камтыган ар түрдүү программалык камсыздоолорду же материалдарды жайгаштырууга же жөнөтүүгө;

(d) туунду чыгармаларды түзүүгө, көчүрүүгө, өзгөртүүгө, лицензиялоого, жөнөтүүгө, жарыялоого, жайгаштырууга, кайра чыгарууга, таратууга, ретрансляция кылууга, кайра өндүрүүгө, жайылтууга же башка негизде эксплуатациялоого же пайдаланууга болбойт;  

(i) Сайт аркылуу коммерциялык максаттарга алынган Материалдар, же болбосо 

(ii) Сайт аркылуу алынган Материалдар же автордук укуктар же үчүнчү жактардын интеллектуалдык менчигине карата укуктар менен корголгон мындай Материалдардын бардык туунду эмгектери. Эгерде сиз көчүрүү, өзгөртүү, лицензиялоо, жайылтуу, жарыялоо, таратуу, ретрансляция кылуу, кайра өндүрүү, жайылтуу же кандайдыр бир негизде пайдаланууну кааласаӊыз же мындай Материалдарды же ушундай Материалдардын туунду эмгектерин пайдалангыӊыз келсе, анда сиз алгач алардын ээсинен зарыл уруксатты алышыӊыз керек. 

7.2. Сиз башка бардык жактардын Сайтты пайдалануусун чектебегенге, чектөө киргизбегенге же тыюу салбоого макул болосуз. 

7.3. Сиздин ушул Сайтты пайдалануунун жыйынтыгында же ушул эрежелерди ар кандай бузуулардан улам келип чыккан ар түрдүү доолордон, чаралардан, соттук териштирүүлөрдөн, чыгымдардан, милдеттенмелерден, чыгымдар менен чыгашалардан, анын ичинде жөндүү соттук чыгымдардан ЕРӨБдү коргоого, зыяндын ордун толтурууга макул болосуз.  

7.4. ЕРӨБдүн талабы боюнча бардык басылган, көчүрүлгөн же жүктөлгөн материалдарды токтоосуз түрдө ЕРӨБгө кайтарып бергиле же жок кылгыла (бул мүмкүн болгон шартта).  

8. Форум

8.1. Эгерде Сайтта жарыя аянты, чат же билдирүүлөрдү алмашуу башка каражаты бар болсо (биргеликте “Форумдар” деп аталган), анда сиз Форумдарды кайсыл бир Форумга тиешелүү билдирүүлөрдү жана материалдарды жөнөтүү жана кабыл алуу үчүн гана пайдаланууга макул болосуз. Мисал катары, бирок чектөө катарында эмес, сиз форумдарды колдонууда төмөнкү иш-аракеттердин бири дагы аткарбоого макулдук бересиз:

8.2. Сиз бардык форумдар жеке эмес, жалпы колдонуудагы аянтча экенин тааныйсыз. Мындан тышкары сиз чаттар, макалалар, конференциялар, электрондук каттар жана башка колдонуучулардын башка билдирүүлөрүн ЕРӨБ тарабынан жактырылбай турганын жана мындай билдирүүлөр текшерилбей, же ЕРӨБ тарабынан бекитилбей турганын тааныйсыз.

8.3. Сиз ЕРӨБ кандайдыр бир форумдарды пайдаланууну көзөмөлдөөгө милдеттүү болбой турганына жана мындай форумдарды пайдаланууну ЕРӨБ бардык убакта жана ЕРӨБ тарабынан өзүнүн каалоосуна ылайык чыгарыла турган көрсөтмөлөр же нускамалар менен жөнгө салынарына макулдук бересиз.

8.4. ЕРӨБ ар кандай мазмундагы форумдарды, электрондук почта билдирүүлөрүн жана жарыя аянттарын ар түрдүү себептер боюнча эч кандай эскертүүсүз өз каалоосуна ылайык редакциялоо же өчүрүү укугун өзүнө калтырат. 

9. Интеллектуалдык менчикке укук

9.1. Сайттагы Материалдарга карата бардык автордук укуктар жана башка интеллектуалдык менчикке укуктар, анын ичинде сиздин материалдардан башкалары ЕРӨБгө таандык же ЕРӨБ тарабынан лицензияланган.

9.2. Сиз ЕРӨБ эн белгиси катталган белги болуп саналарын жана ЕРӨБдүн жазуу жүзүндөгү уруксаты жок колдонулууга болбой турганын тааныйсыз. Сиз ЕРӨБдүн толук же кыскартылган аталышын ачык жарыяларда, жарнамалык, маркетингдик, же рекламалык материалдарда ЕРӨБдүн алдын ала жазуу жүзүндөгү уруксаты жок колдонбоого милдеттенме аласыз.     

10. Жалпы жоболор 

10.1. Ушул Шарттарда каралгандардан эч бир нерсе ЕРӨБ тарабынан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын уюштуруу жөнүндө макулдашууга, эл аралык конвенцияга же колдонуудагы бардык мыйзамдарга ылайык берилген бардык ЕРӨБ иммунитеттеринен, артыкчылыктардан же өзгөчөлүктөрдөн баш тартуу, жокко чыгаруу же өзгөртүү катары түшүндүрүлүшү мүмкүн эмес. Мында тышкары, ушул Шарттарда каралган жагдайлар Банктын архивдеринин кол тийбестигинен баш тартуу катары чечмеленбейт. 

10.2. Ушул Шарттар жана жоболор англис мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана чечмеленет. Ушул Шарттардан же аларга байланыштуу келип чыккан ар кандай сүйлөшүлбөгөн милдеттенмелер англис мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана түшүндүрүлөт. 

10.3. ЕРӨБдүн ушул Шарттарда каралган кайсы бир укуктарды же жоболорду жүзөгө ашырууга же колдонууга жөндөмсүздүгү андай укуктан же жободон баш тартуу болуп саналбайт. Эгерде Шарттардын кандайдыр бир жобосу компетенттүү юрисдикциянын соту тарабынан жараксыз же мыйзамдуу күчкө ээ эмес деп таанылса, анда ушул Шарттардын башка жоболору кол тийгис болуп саналат жана толук түрдө күчүндө кала берет.

10.4. Эгерде сизде ЕРӨБ менен айкын келишимдик алакалар жок болсо, анда ушул Шарттар ЕРӨБ менен сиздин ортоӊуздарда Сайтка карата мамиледеги толук макулдашууну түзөт.