ЕРӨБ 29 мамлекеттеги 220 финансылык мекеме аркылуу «жашыл» долбоорлорду ишке ашырууга 8,0 млрд ашык евро багыттаган. Бул 268 000 ашык долбоорго «жашыл» инвестиция жумшоого мүмкүндүк берди, алар биздин кошо каржылоо боюнча өнөктөштөр менен бирге жылына 11 млн тонна CO2 бөлүп чыгарууну кыскартууга шарт түздү.
Биздин «жашыл» экономиканы каржылоо механизмдери (GEFFs) ишканалар менен үй ээлерине «жашыл» технологияларга инвестиция салууга жардам берет. Ушул финансылык инструмент ишке киришкен учурдан тартып, донорлордун колдоосу менен ЕРӨБ 8.0 млрд ашык евро каражатты 29 өлкөдөгү 220 катышуучу финансы мекемелери аркылуу 268 000 ашык «жашыл» инвестицияларды колдоо үчүн бөлүштүрдү. Биздин биргелешип каржылоо боюнча өнөктөштөрдүн каржылоосу менен GEFF жыл сайын 11 млн тонна CO2 бөлүп чыгарууну кыскартып, жылына 42 млн МВтс электр энергиясын үнөмдөөгө шарт түзөт.
GEFF жөнүндө ар кыл өлкөлөрдөн жана аймактардан көбүрөөк билиӊиз.
