enruky

Бишкекте 2024-ж. 8-апрелде “ESG жана чакан жана орто ишкерлик үчүн сууну натыйжалуу пайдалануу” деген темада семинар-практикум өткөрүлдү. Окутууну Кыргызстандагы Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы уюштурду (ЕРӨБ).

Иш-чарага өндүрүш, кайра иштетүү, мейманкана секторунун ишканаларынын ээлери жана башкаруучулары, туруктуулукка жана ESG-принциптерге кызыккан башка жактар чогулду.

ESG – environmental, social, governance – бизнестин коомдун жана курчап турган чөйрөнүн алдында өзүнө алган жоопкерчилик прициптерин билдирет. Экономикалык пайда социалдык жоопкерчилик жана жаратышка кам көрүү менен айкалышат, бул компаниялардын туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшөт.

Семинарда бизнеске курчап турган чөйрөгө алда канча көбүрөөк жоопкерчиликтүү болууга жардам берген ESG негизги өӊүттөрүнө сереп жүргүзүлдү. Катышуучулар суу ресурстары боюнча эксперттен акысыз бизнес-диагностикадан дагы өтүштү.

KyrSEFF менеджери Нурзат Абдырасулова, ЕРӨБдүн жашыл каржылоосунун мүмкүнчүлүктөрү жана энергия натыйжалуу жана ресурстарга үнөмдүү технологияларды ишке киргизүү боюнча программанын кардарларынын арасындагы ийгиликтүү тажрыйбалар жөнүндө айтып берди.

KyrSEFF энергияга жана ресурстарга үнөмдүү технологияларды каржылоо менен жашыл экономикага өтүүнү колдойт.