enruky

KyrSEFF программасы 2024-жылы 20-апрелде Бишкекте  Green Waste EXPO форумуна катышты. Бул иш-чара калдыктарды башкаруу боюнча кыргыз рыногун бириктирүү, саясатты жана алдыӊкы тажрыйбаны талкуулоо, ошондой эле жаӊы өнөктөштөрдү издөө жана мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана бизнестин ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салуу үчүн негизги платформа болуп калды.

KyrSEFF менеджери Нурзат Абдырасулова, форумдун «Калдыктарды башкаруу секторун өнүктүрүү үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөр» пленардык сессиясында туруктуу керектөөнүн жана өндүрүштүн маанилүүлүгү жөнүндө презентация менен чыгып сөз сүйлөдү жана бүткүл өлкө боюнча чакан жана орто бизнести жана үй чарбаларын  Компаньон Банк, Демир Банк, Кыргыз инвестициялык-кредит банкы, ФИНКА Банк Кыргызстан менен өнөктөштүктө насыялоо боюнча KyrSEFF мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди.

Форум алкагында уюштурулган көргөзмөдө биздин стенд көптөгөн келүүчүлөрдүн көӊүлүн бурду. KyrSEFF инженерлери каржылоо үчүн жеткиликтүү энергетикалык натыйжалуу чечимдердин кеңири спектри жөнүндө консультацияларды жана маалыматтарды беришти.

Форум JIA бизнес-ассоциациясы жана Accelerate Prosperity (AP) бизнес-акселератору тарабынан Европа Биримдиги жана Ага Хан фонду биргеликте каржылаган AP Asia долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Япония Өкмөтүнүн колдоосунда уюштурулду.

Биз иш-чаранын уюштуруучуларына жашыл экономикага, туруктуу өнүгүүгө көӊүл буруусу жана чакыруусу үчүн ыраазылык билдиребиз.